Коомдук активист, көзү азиз Каныбек Мурзаканов 12-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик
резиденциясына Алмаз Атамбаевдин колунан сыйлык алуууга чакырылган эле. Бирок
Каныбек Мурзаканов Алмаз Атамбаевдин колунан сыйлык алуудан баш тартты.
Каныбек Мурзаканов 1941-45-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон
100дөй кыргызстандыктын дарегин издеп тапкандыгы жана коомдук иштерге активдүү
катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланган.
Мурзаканов өзүнүн мындай кадамын Атамбаевдин “Ата-Мекен” партиясын “сасык” деп
атагандыгы жана партиянын лидери Өмүрбек Текебаевди күнөөсүз камап койгондугуна
байланыштырган.
Булак: kyrgyztoday.kg