Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин чакыруусу боюнча 26-февралда Эр-Рияд шаарына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралу КР ТИМинин басма с кызматы билдирет.
Иш сапардын алкагында Сауд Арабия Падышалыгынын бир катар расмий мекемелеринин жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү пландалууда.