Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун иши Октябрь райондук сотунда 31-июлда каралмай болду.
Илмиянов алдамчылык менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталып жатат. 10-июндагы тергөөнүн жыйыитыгына ылайык, ага карата Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш жасаган деген кине коюлууда.
«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган, учурунда Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары өлкөдөгү таасирдүү фигурага айланган Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Россиядан кармалып камакка алынган.
БУЛАК: Фабула