Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 05.2002 — 03.2003 — «Сорос Кыргызстан» фондусунун «Коомдун аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам» долбоорунда юрист-консультант
- 03.2003 — 05.2005 — «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКында алдыңкы юрист-консультант
- 08.2005 — 11.2006 — «Компаньон» финансы тобу» чакан насыя компаниясында юрист
- 11.2006 — 03.2008 — «ДЭКА» ЖАКында аткаруучу директор, юрист
- 03.2008 — 02.2009 — КР президент аппаратынын администрациясынын укук бөлүмүндө сот органдары секторунун эксперти
- 02.2009 — 11.2009 — КР президент аппаратынын администрациясынын саясат укугу бөлүмүндө укук анализи жана экспертиза секторунун бөлүм башчысы
- 11.2009 — 08.2010 — Мамлекеттик кадр кызматынын директор орун басары
- 12.2010 — 12.2011 — КР президент аппаратында укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
- 12.2011 — 01.2015 — КР президент аппаратында сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы
29.01.2015-жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокурору.
Булак:Sputnik.kg