Өткөн жумада Москвадагы стадиондордун биринде депутат Жанар Акаев он миң киши чогултуп, сөз сүйлөп, өтө жакшы бир иш чара өткөзүп мекенге кайтып келди. Акыркы айлардын ичинде жаш депутат Кыргызстандын булуң-бурчунан чыккан чыгаан жаштардын башын бириктирип, ‘Демилге” аттуу кыймыл түзүп баштады. Арасында, биздин угушубузча, жаш ишкерлер, курч журналисттер, аналитиктер, чеберлерден сырткары, бир канча элге билинип-таанылып калган саясатчы жана Жогорку Кеңештин прогрессивдүү депутаттары да бар. Москвада буга чейин мынча жердешти топтой алган жалгыз экс- муфтий Чубак ажы Жалилов дагы Жанарды ийгилиги менен куттуктап, ал менен мурун түшүнбөстүк эле болгонун, азыр чогуу бир дасторкондо чай ичишип турганын айтты.
Булак: «Жаңы ордо»