Екатеринбург шаарында 20-август күнү 00:05 чамасында Серафима Дерябина көчөсүндө
жол кырсыгы катталып, 4 киши жабыркады. Бул тууралуу россиялык маалымат
каражаттары жазышууда.
Маалыматка таянсак, “Ситроен С4” үлгүсүндөгү
унаанын ээси, 1985-жылы туулган кыргыз жараны
катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай
калган. Жолдон чыгып кеткен унаа жол
жээгиндеги бордюрду сүзүп, үйдүн эшигине урунуп
токтогон.
Жол кырсыгынан 4 жүргүнчү жабыркады. Алар ар
кандай жарааттар менен жакынкы ооруканага
жеткирилип, тергөө иштери башталды.
Булак: fakt.kg