Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жол кырсыгына кабылды. Кырсык Кадамжай районунда иш сапары менен жүргөн убакытта болуп, Султанбекова ооруканага жеткирилген. Кадамжай аймактык ооруканасынан маалымдашкандай, вице-премьер-министрдин абалы жакшы.
Эске сала кетсек, 26-майда Чолпон Султанбекова Кадамжай районундагы баатыр энелер менен жолугушмак.
Булак: maralfm.kg