Белгилүү ырчы Асел Кадырбекова “Биринчи жолу жар-жар айттым”,-деп өзүнүн Инстаграм баракчасына бөлүштү.
Анда: “Бүгүн мен үчүн эң жакшы күндөрдүн бири. Жалгыз кайын сиңдимди турмушка узатып, кыргыздын салты менен жеңелик милдетимди аткарып, биринчи жолу жар-жар айтып чыктым”, — деп жазып калтырган.
Чамасы ырчы айым мындан кийин да жар-жар ырын айтууга камынгандай. Негизи эле Кыргызстанда жар-жар айткан эстрада ырчылар көп санды түзөт. Мисалга алсак, Айгерим Расул кызы, Неля, Анжелика жана башкалар. Эгерде, Асел Кадырбекова чынында эле жар-жар ырын ырдоого бел байлап жатса, анда, жандуу үнгө басым жасайбы же фонограммагабы?