Бразилиянын Белем шаарында өткөн 3- февралдан 4- февралга караган түнү UFC Fight Night 125 мелдешинде катышкан спортчулардын канча гонорар алышы тууралуу UFC уюмунун расмий сайты толугу менен жазып чыккан. Анда, Кыргызстандын атынан катышкан Валентина Шевченко Fight Night 125 мелдешинде беттеш үчүн 18 миң доллар, беттеште жеңишке жеткендиги үчүн 18 миң доллар, Reebok компаниясынан демөөрчүлүк иретинде 5 миң доллар, ошондой эле, оюн алкагындагы мыкты беттеши үчүн кошумча 50 миң долларга ээ болгон. Жалпысынан 91 миң доллар эсебине жетишкен. Ал эми бул мелдеште Кыргызстандын мушкери Валентина Шевченко бразилиялык атаандашы менен мушташып, жеңишке ээ болгон.
БУЛАК: ARGUMENT.KG