ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ 29-майда саат 20:00 чамасында Бишкекте болгон катуу шамалдан улам дарактар кулады.
Маалым болгондой, Борбор калаанын Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде дарак ак түстөгү Лексус LX 470 үлгүсүндөгү унаага кулады. Жабыркагандар жок.
Мындан тышкары Жибек жолу-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын имаратынын жанындагы дарак кулап, электр зымдарына илинип калды.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-25 метрге жеткен.
Булак:Каганат