Казакстандык продюсер Баян Алагузованын улуу кызы Айсауле Бакытбек турмушка чыкты. Бул тууралуу белгилүү продюсер өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Алагузованын күйөө баласы жаш ишкер-Алишер Кайдаров. Жубайлар никелешүү жөрөлгөсүн Алма-Атадагы никелешүү сарайында өткөрүштү.Үлпөттүн өзү Алма-Ата шаарындагы беш жылдыздуу мейманканада болду.
Кыз узатууга Айсауле 250 миң доллар турган көйнөк кийди.
Келген коноктор үлпөт той жомоктогудай болгонун билдиришүүдө.
БУЛАК:zaman.kg