15-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдердин экс-президент Алмазбек Атамбаев жана “Апрель” телеканалына каршы берген доо арызы боюнча сот отуруму уланды. Соттук жараянда Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аларды негизсиз каралап, кадыр-баркына шек келтиргенин айтты:
— Бул доо арыздын максаты — Атамбаевден же “Апрель” телеканалынан акча өндүрүү эмес. Көп жылдан бери ушундай системалуу ушак-айыңды мамлекет башчысы, экс-президент таратып келаткан жагымсыз нерсени токтотуу.
Экс-президент Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев Атамбаев “Апрель” каналына берген интервьюсунда массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарды гана айтканын, доогерлердин дарегине эч кандай каралоо сөздөрү айтылбаганын билдирди. Кийинки соттук отурум 26-февралга белгиленди.
Бүгүнкү процесске Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев катышып, ал эми үчүнчү доогер Ахматбек Келдибеков келген жок.
Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана “Апрель” телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат.
Булак: Азаттык