7-май күнү кечинде ооруканага уулангандар кайрылган, алардын жетөө чет элдик спортчу, калганы пансионаттын кызматкерлери.
Учурда ууланган жарандар Чолпон-Ата бейтапканасында жатышат, абалдары туруктуу. Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, анализ кылганга азыктардын үлгүсү алынды. Жыйынтыгы 9-май күнү белгилүү болору кабарланды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алар түшкү тамакка духовкада бышырылган тамактан ууланышкан.
Эске салсак, 5-12-май күндөрү Чолпон-Атада кикбокс боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө.
Булак:maralfm.kg