Ырчы жигит кредит алдыртып алып кош бойлуу курбумду таштап кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы эже-сиңдилер. Курбумдун башынан өтүп жаткан окуяны сиздер менен бөлүшкүм келди. Бирок алардын атын ачыкка чыгаргым келбейт. Болгону теледен көрүп алып аларга фанат болгондорго сабак болсун дедим.
Курбум эки жыл мурун ЖОЖду аяктып азыр бир фирмада котормочу болуп эмгектенет. Бир жылдан бери бир ырчы мырза менен жакын мамиледе. Ал буга чейин аялы менен ажырашканын айтып келген болучу. Жада калса курбума үйлөнө турганын айтып экөө бирге жашашат. Карантин учурунда баардык кем-карчынан бери курбум көтөрүп берди. Мурунку аялында калган балдарына алимент төлөйм деп аны да курбум алты ай төлөдү. Орто жолдо кредит алышып, ал акчага тиги ырчы сөрөй машина алып алган. Азыр курбумдун төрт айлык боюнда бар. Эми ал ырчы аялы менен элдеше турган болгону айтып, курбума жардам берүүдөн баш тартып жатат. Же кредитин төлөбөйт. Айтор курбум сахнада созултуп ырдаса сүйүп калып азабын тартып отурат.  Эгерде анын үстүнөн арыз жаза турган болсо эмне кылыш керек? Билген эжелер болсо жол –жобосун жазып кое аласыздарбы. Ал эми жаш кыздарга айтарым эл көзүндө жүргөн жигиттерге фанат боло көрбөгүлөчү.
Жазира

Аргумент.kg