Ырчы Клара Алибекованын апасы көз жумду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Клара Алибекованын апасы Орозбүбү Алибекова көз жумду. Бул тууралуу ырчы айымдын уулу социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Эми сиздей алтын апамды кайдан табам. Мен сизди апа деп чоңоюп калган таенем менин. Жок дегенде менин тоюмдун төрүндө болуп, батаңызды берип отурсаңыз кандай жакшы болмок. Апа мен сизге ыраазымын, кыркымды чыгарып эле алып кеткен экенсиз. Мына зыңкыйтып, тарбия берип, ушул даражага жеткирдиңиз эле го. Миң ыйласам да сиздей алтын адамды таппайм. Кошуңуз апа, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торкоо болсун”,— деп жазган.

Аргумент.kg