Ырчы Асель Кадырбекова: «Апамдын акчасына салон ачып, банкрот болдум «

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Асель Кадырбекова инстаграм баракчасы аркылу жыл ичинде кандай сыноолор келип, баарын чыдап көтөрүү оор болуп турганын жазып чыкты. Анда ал:

«Чынында, эми мойнума алам, бир жыл катуу депрессияда жүрдүм.
Бирок, бирөө ушунтип айтса чырдап, «Жок, менде баары жакшы деп»мойнума алчу эмесмин.

Башыма жамандын артынан жаман жанашып келди.
1. Бул кырсык, жашоомду асты-үстүнө чейин өзгөрттү.
Бул тагдыр, качып кутула албайт экенсиң.
Аман калганыма шүгүр айтам.
2. Бүт убактымды, эмгегимди алган салонум да жабылды.
Эн өкүнүчтүүсү апам жаңы унаа алам деген акчасын бул салонго жумшаганбыз. Буйруса мындан көп иштеп табабыз дегенбиз.
Тилекке каршы ишке ашпай калды.
Эне экен. «Мейли аман болсок табабыз» — деп көз жумуп койду.
3. Менин жеке жашоом эки ажырым болду.

Мейли, аман болсок баары болот!
Эң чоң байлык, бул өмүр жана ден-соолук экен.
Калганын кайра башынан баштоого туура келсе да, кылса болот! Аман бололу! Эми кайгырбай көп, жашоону баштайлы!
Эмне дейсиздер.
Ушинтип айтып бугумду чыгарып албасам башым ооруйт.
Ичимде көп нерсени сактай албайм, балким, бул нерсени да убакыт үйрөтөт»-деп жазат.

Аргумент.kg