ВИДЕО — Ысык-Көлдө сууга чөккөн кишини жаш жигит сактап калды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ысык-Көлдө жигит сууга чөгүп жаткан бейтааныш кишини куткарып калды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.

Окуя болгон учурда тартылган видео «Короче” Telegram каналына жүктөлдү.

«Биз «Золотые пески» пансионатынан анча алыс эмес пляжда болчубуз. Көлгө бир нече гана киши түшүп жаткан. Бир маалда кыйкырык угулду. Бир киши чөгүп бара жатыптыр. Бирок ага эч ким көңүл бурган жок. Биз апам экөөбүз жээктеги эркектерге жардам бергиле десек, ал жөн гана тамашалап жатат деп койду. Бирок ал бир нече жолу сууга кирип чыккан соң жээкте отурган Дамир аттуу бала кирип барып, алып чыкты”, — деди күбө.

Кадрлардан чөгүп жаткан кишини суудан алып чыккан Дамирге айланадагылар ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.

 

Аргумент.kg