ВИДЕО — Ташиев: «Кол салуу болгон эмес, Текебаев бирөө менен урушкан»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Ага кол салуу болгон эмес. Текебаев менен кимдир бирөө урушуп кеткен», — деди журналисттерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, учурда бул иш боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө иштери жүрүп, бир адам кармалды.

«Менин оюмча, баарын мыйзамга жараша жоопко тартышат», — деп кошумчалады ал.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев ага кол салуу болгонун 1-декабрда билдирген

Аргумент.kg