ВИДЕО-Саунада сойкукана уюштурган аял кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө ыкчам бөлүмчөсүнүн кызматкерлери сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурууга шектүүнү кармашты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлерине Каракол шаарынын аймагында белгисиз аял сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кыздардын ыплас аракеттерине көмөктөшүп жаткандыгы туралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат Каракол ШИИБге катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 160 (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурган аялдын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан фигуранттын ким экендиги аныкталган. Ал облустук борбордун 55 жаштагы тургуну Б.Н. экендиги белгилүү болгон.

Жакында милиция кызматкерлери тарабынан интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча көмүскө жай уюштурулган Каракол шаарындагы сауналардын биринде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда шектүү аялдан жана интимдик кызмат көрсөткөн беш кыздан  жалпы суммасы 4600 сом болгон алдын ала белгиленген акча каражаттары алынган.

Мындан тышкары, далил катары сексуалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттар алынган. Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүгө аялга карата айыбы угузулуп, сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Аргумент.kg