ВИДЕО – Садыр Жапаровдун инисинин кызы “Кыргызстан сулуусу-2020” сынагында баш бейгени алды
30-бештин айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваКечээ, 29-декабрда Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында “Кыргызстан сулуусу-2020” сулуулар сынагы болуп өттү.
Бир нече кыз баш байге үчүн күрөшүп, бирок жыйынтыгында баш байге Лазат Нуркожоевага тийип, BMW X5 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу Эркиндик Медиага өздүк булактар билдирди.
Экинчи орунга “Бишкек сулуусу” наамы ыйгарылып, Египетке 2 кишилик жолдомо жана “Дүйнө сулуусу” сынагына жолдомо тапшырылды. Калган 3-4-5 орунду алган кыздар Египетке бир кишилик жолдомо алышты.
Айрым маалыматтарга таянсак, баш байгени утуп алган Лазат Нуркожоева Садыр Жапаровдун бир тууган инисинин кызы.
Кеченин алып баруучусу Айзада Жамгырчиева болду. Ошондой эле, бир катар артисттер, анын ичинде ырчы Анжелика Кайратовна да өз өнөрлөрүн тартуулашты.