ВИДЕО-Рита Карасартованы Мавлян Аскарбеков ыйлатты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Активист Рита Карасартова фейсбук баракчасына туз эфирге чыгып, нааразычылыгын билдирип, Биринчи Май райондук акимдин биринчи орун басары Мавлян Аскарбековго болгон таарынычын айтып ыйлады. Анын айтымында экөө ошол күну сайттардын бириндеги дебатта кайым айтышып кетишкен. Бул талкуунун негизги максаты жергиликтүү шайлоодогу квоталар болгон. Карасартова өз сөзүндө квотада аялдар менен майыптар көз жаздымда калып, шайлоо мүмкунчүлүгүнөн четтетилип адилеттүүлүк болбой калганын айтып чыккан.
Ал эми Мавлян Аскарбеков болсо бейөкмөттүк уюмдар кыргызды сен аялсың, сен майыпсың сен кыргыз эмес деп бөлүп жарган батыштын идеологиясын таңуулаган саясат жүрүүдө деп ошондой эле ал өз сөзүндө: “мындай бейөкмөт уюмдар батыштан миллиондогон каражаттарды алып, алардын арыгын чаап келишет. Булар менен мен он жылдан бери күрөшуп келгем дагы да күрөшө берем”-деп дебаттагы каршылашына катуу чабуул жасаган. Карасартова өзүнүн түз эфиринде коомчулукта эркектер аялдарды басыптыр келгенин айтып, ал Мавлян Аскарбеков менен болгон талкуунун аягына чыкпай чыгып кеткенин билдирген.
Урматтуу окурмандар жергиликтүү жана парламенттик депутаттын тизмесин түзүүдө аялдар, майыптар жана башка улуттун өкүлдөрү, жаштар сыяктуу квоталарга бөлүүгө сиздин пикириңиз кандай?
Шилтемени басып видеону көрүңүз
https://www.facebook.com/100002174707445/videos/3712595642156223/
ARGUMENT.KG

Аргумент.kg