ВИДЕО-РАИММИЛЛИАРДдан коркуп качып кеткен Кимсанов өзүнүн өкүл баласыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президенттен жардам сурап видео кайрылуу жасады. Ал агасы Эмилбек Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун басымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди. Эмирбек Кимсанов агасы коррупциялык иштерге катышуудан баш тартканы үчүн кысымга кабылганын белгилеп,  үй-бүлөсү коркутууга кабылып, учурда ар кайсы жерде бекинип жүргөнүн билдирди. Ал ошондой эле РАИММИЛЛИАРДдын балдары агасынын үйүнө келип, анын аялын сабап кетишкенин да айтып, анын тасмасын да жарыялады. Анын алдында Эмилбек Кимсанов мамлекеттен чыгып кеткени жөнүндө маалыматтар тараган болчу. Ал жумуштан 2018-жылы кеткен. Бул маалыматтар элге расмий түрдө айтылып жатканы, ал эми көшөгө артында көпчүлүк биле бербеген да жагдайлар бар экен. Мисалы, РАИММИЛЛИАРДдан коркуп чет өлкөгө качып кетти деген Кимсанов буга чейин анын командасында болуп, анын өкүл баласы болуп, ага “ак кызмат” кылып келген экен. Айрым маалыматтарда Кимсановдун баскан изинде “балчыктуу” иштер аз эмес. Эми анын баары ачыкка  деле чыгышы толук мүмкүн. Кыскасы, РАИММИЛАРДдын тегерегиндегилер  ага “косяк” кылып коюп, акырында президентке кайрылып, жардам сурап, спектакль коюп жатышкандай. Албетте, ортолорунда азырынча көпчүлүккө белгисиз кызыктар бар. Маселен, акча ж.б. Бул тууралуу дагы кызыктар али алдыда…
Булак: Багыт

Аргумент.kg