ВИДЕО – Премьер-министр Абылгазиев отставкага кетиши керек! Мына далил…

Новосибирскийде жолдо калган жарандарыбызды мекенге алып келүүдө кемчиликтер боюнча өкмөткө сын айтып келдик, көбү жаман көрдү. 11-апрелдеги Новосибирск-Бишкек рейсинин болбой калышы биздин өкмөт тараптан кеткенин айтканыбызда PR кылып, элдин башын айлантып жатасыңар дедиңер айрым депутаттар, өкмөт мүчөлөрү!
 
Мына далил!
 
Бир шылтооңор жок, мекендештерибизди чыгарууга РФ тарап даяр, эми кабыл алгыла!
 
Жок дегенде сырттагы мекендештер менен түз баарлашып, акыбалын сураганга жараган жоксуңар! Уят!
 
https://youtu.be/HBdgyGc4Xrc
Жеңиш Молдокматов,”Замандаш” саясий партиясынын лидери
 
PS: Түзүлгөн кырдаалдан улам Россиядагы мекенге кайтууга ашыккан мекендештерибизди алып келүүгө чамасы жетпеген өкмөттөн алгылыктуу реформаны күтсө болобу? Алыстагы мекендештерге жарытылуу жардам бере албаган соң, экономиканы жыргатабы? Эң кызыгы Россия тарап бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин билдирип жатса дагы, биздин өкмөттүн кенебестиги, шаалаакылыгы эмнеси? Мындай кемчиликке жол берген өкмөт башчы Абылгазиевдин мындан ары өкмөттү жетектөөгө моралдык укугу барбы?
 
Булак: ЧЫНДЫК

Аргумент.kg