ВИДЕО — Милиция кызматкерлери жабылып сабады. Талас ОИИБ окуя боюнча үн катты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тик-Ток тиркемеси аркылуу президентке жана башка министрлерге «милиция кызматкерлери жабылып сабады, ден-соолугума залал келтирди» деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Талас облустук милициясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү Талас шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү саат 19:30 чамасында Талас шаарында 8 айлык баласын коляскага салып, жол жээкте бара жаткан учурда, Жигули автоунаасынын айдоочусу мас абалда башкарып келе жатып, колясканы сүзүп кеткенин жана көз ирмемде коляскадан баласын алганга жетишип калгандыгын билдирген.

Текшерүү жүргүзүү учурунда ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаа жана айдоочусу Манас районунун Покровка айылынын тургуну экендиги аныкталган. Арыздын негизинде Талас ШИИБдин тергөө ыкчам тобу тарабынан автоунааны айып токтотуучу жайга киргизип, өзүн көрсөтмө берүүгө Талас ШИИБнин имаратына алып келген учурда, жаран спирт ичимдигин ичип, мас абалында болгондуктан көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Анын спирт ичимдигин ичкендиги наркология бөлүмүнө алып барган учурда далилденген. Кайрадан ал саат 23:30 чамасында “Автоунаамды кайтарып бергиле, бербесеңер ушул жерден кесинем” деп догурунуп, колундагы лезвиясы менен сол колун 3 жолу, ал эми ичин 1 жолу кесип өзүнө кол салып жиберген. Бул тууралуу Талас шаардык прокуратурасына окуянын жагдайы билдирилген.

Ал Талас облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Өзүнө кол салып жаракат келтирилген фактысы Талас ШИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. 9-сентябрь күнү Талас шаардык прокуратурасына милиция кызматкерлерине карата арыз жазып кайрылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Азыркы учурда, аталган материалдар боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жана Талас ОИИБдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Аргумент.kg