ВИДЕО — Көрүнбөй калган Чыңгыз Айдарбеков кайда жүргөнүн айтып берди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков «АКИpress» агенттигине ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн билдирди.

«Бул жерде жергиликтүү адистер менен кеңешкем, эч ким диагноз коё албай койду», — деди депутат.

Ал досунун атасы каза болгонуна байланыштуу алгач Казакстанга барганын айтты.

«Казакстанда кан басымым көтөрүлүп, ооруканага жаттым. Керектүү жардам алгандан кийин план боюнча андан ары дарыланууга кеттим», — деди Айдарбеков.

Эскерте кетсек, 27-ноябрга караган түнү Айдарбеков партиялашы Эмил Жамгырчиев менен чогуу Казакстанга бара жаткан. Бирок аларды «Ак-Жол — унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арачылар өткөрүшкөн эмес. Ал жерге УКМКнын кызматкерлери барып, депутаттарды УКМКга алып кетишкени айтылган. Кийинчерээк Жамгырчиев УКМКдан чыкканы белгилүү болгон. Ал эми Айдарбековдун дайыны чыкпай калган.

Депутат Элвира Сурабалдиева да Айдарбеков менен байланыша албай жатканын билдирген. Ошондой эле кесиптештери Казакстанга маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына бармак экенин жазган.

28-ноябрда УКМК Айдарбеков кармалбаганын жана суракка алынбаганын жарыялаган. Ошондой эле Айдарбеков чек арадан Казакстандын аймагына өткөнүн кошумчалаган.

Ал эми «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев кесиптеши жана партиялашы Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албай турганын, Айдарбеков бул боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына да кат жазганын билдирген.

Андан соң Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эмне үчүн байланышка чыкпай калганын түшүндүргөн.

Ал Казакстанга куран окутканы барганын, андан соң дарылануу үчүн башка өлкөгө кеткенин белгилеген, бирок кайсы мамлекетте дарыланып жатканын жазган эмес.

Булак: АКИpress

Аргумент.kg