ВИДЕО — Кара-Балтада сүйүктүүсүнүн колун өзгөчө сураган жигитке кылмыш иши козголгон

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Социалдык тармактарда асманга ок чыгарып, андан ары спецназдардын катышуусунда тартылган видео тараган.
Кийин 26-апрелде Чүй ОИИБден билдиришкендей, жогорудагы окуя Кара-Балта шаарында болгондугун жана видеодогу жигиттердин бири сүйүктүүсүнүн колун суроо максатында атайы буйрутма менен жасалганы белгилүү болгон.
Бул фактыны кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рееестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266 (бейбаштык) беренеси менен каттап, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жигиттин өздүгү такталып, ал 2001-жылы туулган жергиликтүү тургун Р.К. болуп чыкты.
Учурда милиция кызматкерлери окуя боюнча тергөө-оперативдик иш-чараларын жана аны уюштургандарды иликтеп жатат.
https://t.me/svodka_akipress/463

Аргумент.kg