ВИДЕО-Губернатордун кеңешчиси сүзүп кеткен жигит ооруканада көз жумду

ВИДЕО-Губернатордун кеңешчиси сүзүп кеткен жигит ооруканада көз жумду

31-теке, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев мас абалда унаа башкарып баратып сүзүп алган велосипедчен жигит каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1994-жылы туулган ал жигит түндө ооруканада көз жумган.
Бул факт 297-берене (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Айдоочу мас абалда болгондугу аныкталган. Айдоочу Марслатбек Шералиев убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
https://youtu.be/Dkez3rC86Ks