ВИДЕО- “Гаваи” эс алуучу борборунун кызматкерлери соцтармакта жазылган Таймурас Ташиевге байланышкан маалымат жалган дешти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ Адис  Жумагулов деген жаран Фейсбук баракчасындагы  “Сапар Исаков” деген  тайпага УКМК  башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас  Ташиев “Гаваи” эс алуу борборуна достору менен барып, акчасын төлөбөй кетип калганы тууралуу маалымат жазып чыккан.

Бул маалыматты Фейсбук колдонуучулары ар кандай талкууга алышкан эле.

Бүгүн “Гаваи”  эс алуу борборунун кызматкерлери редакциябызга кайрылып,  Адис Жумагулов атайын провокациялуу фейк маалымат таратканын кабарлап, видеосун жөнөттү.

“Гаваинин” күзөт бөлүмунүн кызматкерлери  Фейсбукта тарап жаткан маалымат фейк, жалган  экенин айтып, мындай окуя эч качан болбогонун айтышты.

Ал эми Адис Жумагулов деген аккаунттун ким экени белгисиз жана фейк аккаунт экени билинип турат дейт,  бул тууралуу жазган Фейсбук колдонуучусу Садырбек Калдарбаев.

Адис Жумагулов азыркы бийликке дайыма негизсиз асылып, жалган, провокациялуу маалыматтарды таратып келет, тиешелүү органдар жакшылап иликтеп,  тиешелүү жазасын бериш керек деп жазды Фейсбук колдонуучусу Садырбек Калдарбаев.

Аргумент.kg