Депутаттар Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов Москвадан келген дарыгерлерди эмне үчүн тосуп албаганын түшүндүрүштү
«Урматтуу мекендештер, бул маалыматты мен азыр көрүп жатам, мага эч бир жан кайрылган эмес. Эгерде мен врачтардын келерин билсем, өткөндө келген дарыгерлердей эле жакшылап тосуп алып, жайгаштырмакмын. Бул көрүнүш элчилик менен Өкмөттүн катардагы, дагы бир шалаакылыгы!», — деп маалымдады Сулайманов.