ВИДЕО — Бишкекте жигитти аёосуз сабаган шектүүлөр кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте чала таанышын ур-тепкиге алууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Д.М. аттуу борбор калаанын тургуну 30-июлда түнкү саат 03:00 чамасында чала тааныш жигиттер ур-тепкиге алганын айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган Т.Ж. жана 2004-жылы туулган Р.Э. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин интернет айдыңында караңгыда жерде жаткан жаранды белгисиз кишилер ур-тепкиге алып жаткан видео тараган.

 

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg