ВИДЕО — Бишкекте аял айдоочу милиционерди сүзүп кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте айдоочу милиция кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн, 14-апрелде, саат 9:30дарда болгон. Анда Ford Mondeo үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Гагарин менен Кубянский көчөлөрүнүн кесилишинен жөө адамды сүзүп кеткен. Кырсыктан жабыркаган киши Ленин райондук милициясынын кызматкери болуп чыкты. Учурда анын ооруканада экени айтылды. Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Аргумент.kg