ВИДЕО — Белгисиз адамдар унаада жашы жете элек кызды сабашкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык тармактарда белгисиз адамдар унаада отурган кызды сабап жаткан видео тарады. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар аны акча уурдагандыктан сабашкан.

Видеодо кыз Айнагүл аттуу аялдын жанында болгонун, ал жакта иштеп, Бишкекке бир жумага кеткенин, кайра келип, Эрнист аттуу жарандан кечирим сураганын айтып, андан соң 10 миң сом алып Расулга которгонун угууга болот.

Белгисиз жарандар анын туулган жерин, жылын жана башкаларды сурап, 2005-жылы туулганмын деп жооп бергенде бир нерсе менен (балким таяк менен) сабап баштаганын көрүүгө болот.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, бул багытта ыкчам кызматкерлер үч күндөн бери иш алып барышууда, алардын өздүгү болжолдуу түрдө такталды.

«Шектүүлөрдүн бири мурда үч жолу соттолгон, Ноокат районунун жараны», — деп билдирди РИИБ.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери окуя болгон жерди тактоодо. Бул боюнча Ош жана Баткен облустарынын милиция кызматкерлери иш алып барууда.

«Кыздын өзүн табуу мүмкүн болгон жок, бирок биз анын туугандары менен байланыштык, жакынкы аралыкта жабырлануучуну табабыз», — деп билдиришти РИИБден.

Аргумент.kg