Видео-3600 АКШ долларлык шубаны уурдаган жаран кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарында ууруга шектелип жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, Бишкек шаарынын Армейский көчөсүндө жайгашкан кампадан 72 даана жасалма териден тигилген шубалар уурдалган. Болжол менен алардын баасы 3600 АКШ долларын түзгөн. Бул товарлар Россия мамлекетине жөнөтүлмөк. Товардын ээси арыз менен милицияга кайрылып бул факт боюнча кылмыш иши катталган. Көп өтпөй 1997-жылы туулган шектүү кармалган. Ал уурдаган шубаларды Дордой базарына алып барып арзан баада сатып ийгени маалым болду.

https://static.bulbul.kg/mp4/0/76540.916ee0dece4dfa77f6399474f961c24a.720.mp4
Булак: argument.kg

Аргумент.kg