Венгрияда окуган Ханзада Саматова: Эски саясатчылар элди тажатып койду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

-Саламатсынбы Ханзада, Европада жашаганыңа канча болду жана кандайча барып калдың?
-Саламатсыздарбы, Европага келгениме 2,5 жылдын жүзү болуптур. 2017-жылы борборубуздагы Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетин аяктаган соң, магистр даражасын чет өлкөдөн алууну көздөп, Европадагы мамлекеттердин биринде билим алууну алдыма максат койдум. Ал максатка жетүү үчүн бир топ убакыт, андан сырткары албетте ар кандай эл аралык сынак, тесттерге даярдыктар керектелди. Ошентип бир топ баскычтардан өткөн соң Борбордук Европадагы Венгрия өлкөсүнүн баш калаасы Будапешт шаарына келип калдым. Убакыттын бат өткөнүн да байкабай калыптырмын, азыр диплом алуу алдында толкунданып жүргөн убагым
— Билимиңди жогорулатып жатыптырсын, кайсыл багытта жана эмне үчүн тандап алдың?
-Менин алгачкы даражам гуманитардык билимдердин филология багыты боюнча болгондуктан, магистратурада аны улантпастан таптакыр башка тармакты тандоону туура көрдүм. Бизнес жана экономика башкаруу бөлүмүн тандадым, себеби бир эле багыт көздөбөстөн ар тараптуулук билимимди жогорулаткым келди жана бул мен үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк болду.Тандап алуумдун себебине келсем азыркы учурда жеке бизнес менен алектенгендер ар тараптан өздөрүнүн ойлоп табуулары, жаратмандыгы жада калса жөн гана элди тейлөө жаатында дүйнөнү өзгөртүп жана жакшыртып жатпайбы, мунун баары чоң пайданы көздөгөн бизнес. Албетте бул үчүн экономикалык, финансылык, башкаруучулук, уюштуруучулук жөндөм жана сабаттуулук керек! Өзүбүз байкагандай дүйнө жылдап же айлап эмес саат сайын өзгөрүп жатат муну менен бирге элдин каалоосу, талабы алмашууда. Ал талаптарды канааттандыруу үчүн азыр акылга келбеген нерселер жаралып жатканына өзүбүз күбөбүз. Мен да Кыргызстанда таңсык болгон жааттарда, элге керек болгон, мамлекетке пайда алып келе турган бизнес ачып өлкөбүздүн ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошсом дейм. Мына ушундай максаттар мн бул багытты тандап алдым, кудай буйруса алган билимимдин негизинде колумдан келишинче аракет кылам деген ниеттемин.

— Эки жакта билим алып калдың, кандай айырмачылыктар бар экен? Өзгөчөлүктөрүн айта кетсең…
-Эмне үчүн чет жакта окууну эңсегенимди баары эле түшүнөт болуш керек. Жаңы дүйнө, тажрыйба алуу, жер көрүү, жаңы нерсени үйрөнүү, өзүбүздүкүнөн башка системада билим алуу жана башка ушул сыяктуу. Биздин билим берүү системасы менен бул жактыкы бир топ айырмаланат, профессорлор, атайын тандалган тажрыйбалуу мугалимдер сабак берет. Студенттер үчүн мыкты шарттар түзүлгөн, өздөрүн каалоолору менен сабак алышат, сынак берчү күндү тандашат, кошумча курстарга катталышат. Күн сайын үй тапшырмалары берилет, презентациялар байма-бай жасалат, аларды берилген убакытта системага жүктөшүн керек, тайпаларга бөлүнүп мини проектилерди аткарышат, мунун баары студенттин ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү аны башкаларга жеткирүү, креативдүү иш алып баруу, өз алдынча иштөөсүнө чоң жардам берет. Окуунун экинчи семестрине келгенде Евро Союздун студенттерди алмашуу стипендиялык программасына катышып утуп алдым, Германиянын борбору Берлин шаарынада 1 семестр окудум. Алты ай жашасам да ушул убакыт аралыгында көп нерсени үйрөндүм, көзүм ачылды. Германия экономикасынан эмес, сапаттуу билим берүү жагынан дагы дүйнө мамлекеттеринин сап башында турат. Алардын кумурскадай иштегени, өз иштерин мыкты адистери, жоопкерчиликти сезе билип жумушту план боюнча так жана мыкты аткаргандыгы мени таң калтырып, ойго салды. Билим алууда дыккаттык менен мамиле кылышат, мугалим айтпаган күндө да өздөрү изденип окушат. Эч качан кыйынчылыктардан качышпай, кайра оңой жолун издеп критикалык абалдан чыгышат. Мен мурда тапшырмалардан дагы презентацияларды жасаганды жаман көрчүмүн, немец студенттеринин жан талашып аткаргандарын көргөн соң аракет кылып жакшы көрүп, жан дилим менен жасап калдым Алар убакытты абдан баалашат, эч текке кетирбей, туура пайдаланышат. Магистр программасындагылар үчүн окуудан сырткары иштеп тажрыйба топтошсун деген максатта аптасына эки күн гана сабактар болот. Албетте мен да пайдаланып, студенттик жумушта иштегени жетиштим. Жакшы тажрыйбаларды алып, кайра окууну улантуу үчүн Венгрияга кайтып келдим.
— Эмне себептен Венгрия өлкөсүн тандап алдын жана сага эмнеси менен жакты? Эли, маданияты, жашоо-шарттары кандай экен?
-Мен негизи ушул өлкөгө же бул шаарга барышым керек деп кесе айтып же пландаганым жок. Европа мамлекеттеринин бири болсо деген каалоом болду, ошентип Венгрия өлкөсүндө билим алуу буюрду. Келгенимде эле абасы, суусу, архитектурасы абдан жакты. Венгрия эли өздөрүнүн улутун «мажар» деп айтышат түрк тилинде да ушинтип айтылат экен. Тили эч бир дүйнөнүн тилдерине окшобогон угулушу да башкача, грамматикасы да татаал тил. Жалпысынан жергиликтүү эл келгендерге көп көңүл буруп, ачылып-чачыла беришпейт, сен кепке тармайынча өздөрү эч качан биринчи болуп сөз башташпайт, тил табышкан соң ачылып баарлашат. Жаштары билимге умтулушат, ар дайым окуу, изденүүгө аракет кылышат. Абдан тынч, өздөрүн тартиптүү алып жүрүшөт сабакка кол көтөрүп жооп бергенин же келип кеткенин делен байкабайсың, бирок сынактардан эң жогорку балдары алышат. Биздегидей буларда да майрамдар өтө көп, андан сырткары көптөгөн жарманке, марафон, фестивалдар болуп турат. Тамак-аштары даамдуу, мөмө-жер-жемиш өлкө ичинде жетиштүү болгондуктан азык түлүктөр Европадагы батыш жана түндүк өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан. Көп мамлекеттердегидей айлык акы аздыгы, жумушсуздук, салыктардын жогору болгону, мигранттардын жана качкындардын көбөйүшү, селсаяктардын пайда болушу деген көйгөйлөр була жакта да курч. Бирок жалпысынан элге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Борбору Будапешт шаары Европанын эң кооз, тарыхый шаарларынын бири, Дунай дарыясы шаардын так ортосунан Буда жана Пешт деп эки тарапка бөлүп турат. Ошондой эле жер түбүнөн чыккан минералдык, пайдалуу сууларга бай, көптөгөн туристтер атайы келишет.

— Окууну да аяктап жатыптырсың кайсыл тармакта иш алып барайын деп жатасың?
-Азыр ушул суроо өзүм үчүн да эң көп берилген жана ойлондурган суроо болуп жатат. Башында эле билим алып Кыргызстанга кайтамын деген ойдо келгем. Туугандар, жакын санаалаш-достор жактан көптөгөн ой-пикир, сунуштар айтылды, мүмкүнчүлүк барда иштеп тажрыба ал, шашпай кетсең деле болот же кыргызстанга барып эмне кыласың деген сыяктуу пикирлерди угуп жатам. Албетте баарын өзүм чечем. Ойлондум, түшүндүм. Мен үчүн ата-мекенимден алыс жашоо кыйын экен, баары бир жан дүйнөм тынчый алган жок . Ошондуктан колума диплом тиер менен өз өлкөмө кайтам. Азыр төрт тилде эркин баарлашам. Буюрса өз жеримде эл аралык ишкана же мекемелерде иш баштасам деп чечим кабыл алдым. Азыркы учурда резюме жиберип, жакшы сунуштарды издештирип жаткан убагым.
-Кыргызстанда өнүгүү болбой жатат. Сенин оюң боюнча эмнелерди кылуубуз керек?
-Чынында бул суроо ар бир кыргыз жаранын ойлондура турган суроо минтип коюш керек деп так кесе жооп берүү кыйын го. Бир гана сапаттуу, терең билим аркылуу көп нерсени өзгөртө алабыз. Ошону менен катар башкаруу, кадр системасына да жаңыртуулар керек, баары мыйзам түрүндө болушу керек. Бизди кармап турган дагы бир чоң маселе коррупция, аны менен күрөшүүдө тааныш-билиштик жана тууганчылык ойноп кетип толук кандуу жүрбөй жатат. Ар ким өз көмөчүнө күл тартып жатат. Мындай абалда мамлекетте өзгөрүү болбойт. Эгемендүүлүктү чогуу алган кошуна мамлекеттерди карасак өнүгүүлөр бар. Биз алардан бута атым артта калып баратабыз. Муну моюнга алышыбыз керек. Ынтымакта биргеликте иш кылып бири-бирибизге колдоо көрсөткөндө гана мамлекеттүүлүгүбүздү, ата-журтубузду көздүн карегиндей сактап, келечек муунга тапшыра алабыз.
-Биздин өлкөдө отуз жылдан бери баягы эле саясатчылар бийликтен кетпей келишет. Жаңы жүздөр, тажрыйбалуу адамдар келүүсүн коомчулук деле күтүп калды. Сиздин ошондой уюмдар түзүлсө колдойт белениз?
-Чындыгында биз төрөлүп, эс тарткандан бери билгенибиз, көргөнүбүз, шайлаганыбыз эле баягы аты жатталып бүткөн саясатчылар. Алардын 20-30 пайызы ганы алмашпаса калганы айланып эле кайра келгендер. Элдер, өзгөчө жаштар чарчамак тургай тажады десек да болот. «Жаштар келсин, орун берели» — дегени менен алардын артында саясый кардинал болуп баягы эле күчтөр башкарып калууда. Бирок эми эгемендүүлүктү алгандан кийинки төрөлгөн жаштардын алды 30га келди, акыркы 10-15 жылда чет жакта окуп билим алгандардын саны арбыды, өнүккөн өлкөлөрдү көрүп Кыргызстаныбызды да ушундай абалга келтирели деген ой-максаттар пайда болду. Чынында мына бизге ошондой жаштар керек. Билесизби мен эмнени түшүндүм? Чыныгы билимге сугарылган, интелектиси жогору, көптү көрүп билген инсандар эч качан жулкунушпайт, элдин, мамлекеттин эмес жада калса башка бирөөнүн мүлкүнө көз артып же кол салышпайт.
Билим тажырыйбасын мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө жумшоого умтулган, чыныгы мекенчил жаңы жүздөрдү колдоо мезгил талабы. Андай жаңы чыккан, элдин камын ойлогон жаштарды кош колдоп колдойм!
-Убакыт бөлүп маек бергенинизге ыраазычылык билдиребиз. Иштериңе ийгиликтерди каалайбыз!

Аргумент.kg