
Велосипедчен 5 жаштагы бала 87 жаштагы кемпирди сүзүп өлтүрдү
17-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваИталиянын Милан шаарындагы сейил бактардын биринде велосипед тээп бара жаткан беш жашар бала 87 жаштагы кемпирди сүзүп өлтүргөн.
Бала атасынын көзөмөлү астында жардамчы дөңгөлөктөрү жок велосипедди өздөштүрүп жаткан. Бир убакта ал башкаруусун жоготуп, бир аялды сүзүп алган. Аял жыгылып, башы менен жерге тийген. Карыган аял алгач соккудан катуу жабыркабагандай көрүнгөн, бирок күтүүсүздөн эсин жоготуп койгон.
Жыйынтыгында ага тез жардам чакырылып, ооруканага жеткирилген. Бирок, дарыгерлердин аракетине карабай ал көз жумган.
Corriera della Sera гезитинин жазганына караганда, окуя үчүн баланын атасы жооп берет. Ага 200 миң еврого чейин айып пул салынышы мүмкүн.