Уурулар кашыңда турат абайла дейт милиция кызматкери

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чүй райондук милиция кызматкерлери жарандарга уурулардан коргоонунун ыкмалары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык тескөөчүлөрү, балдар менен иштөө инспекторлору милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагын кыдырып, кылмыштуулукту жана укук бузууларды болтурбоо максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө.

2022-жылдын 15-16-февраль күндөрү өлкө аймагында, анын ичинде Чүй районунда дагы “Ууру” комплекстүү ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан бул иш-чаранын башкы тапшырмаларынын бири өздүк мүлккө кылмыштуу кол салуулардан жана мал жандыктарын уурулардан коргоонун ыкмалары менен жолдору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Бүгүн, бул иш-чара Чүй районундагы МТФ №4 айылында өтүп, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга уурулукту, анын ичинде мал уурулугун алдын алуу жана жол бербөө үчүн кеңештерин беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришти. Бул иш-чаранын негизинде Чүй райондук милиция кызматкерлери айылдарды кыдырып, жарандар менен жолугушууда.

 

Аргумент.kg