Уурдалган акча үчүн 134 жолу урулган бычак

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Капчыктан уурдап алынган акчадан улам айтылган сөз студентти киши өлтүрүүгө алып барды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Маалыматта, Вишневойдогу көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинде бир нече жолу бычак сайылган канжалаган кыздын денеси табылган. Тез эле шектүү кийинки кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө кетүүчү тепкичтен кийиминин баары кан болуп шок абалда отурган 18-жаштагы студент бала кармалган. Ал башынан бут кийимине чейин кан болгон. Саратовдун юридикалык академиясынын экинчи курсунун студенти экенин тастыкталды. Тергөөчүлөрдүн айтуусунда маркум менен шектүү бала кезден тааныш болуп бир короодо чогуу ойноп чоңоюшкан. Төрт ай мурун каза болгон студент кыз 2300 рубл карыз алган. Качан акчаны сураганда кыз билмексен болуп сыртын салып койгон. Ушундан улам подъезден жолугуп акчаны сурап кыжылдаша кетип жигит кызды 135-4 жолу бычак урган. Алган жаракаттан улам кыз ошол жерден жан берген. Ал эми киши өлтүрөм деп ойлобогон студент жигит өз үйүнүн жер төлөсүнүн жанына отуруп милицияны күткөн. Ал эми бул өлүм тууралуу РенТВ берүүсүндө студент кыз коңшулаш теңтуштары менен биргеликте шектүүнүн үйүнө конокко барган. Үй ээси коноктор кеткенден кийин капчыгынан 2300 рубль жоголуп, студент кыздан көргөн. Алардын вотцап менен жазышкан каттарын ачыкташты. “Мен менин капчыгымдан 2300 рублду алып кетиптирсиң. Демек сен мага карызды беришиң керек. Сенде уят барбы? Ал акчаны сен бир тыйынына чейин жоготуп бүттүң. ” Андан кийинки жазган каты кан менен төлөйсүң деп эскертүү бергенин тастыктаган. “Сен ушул жүрүм-турумуңду акча менен эмес кан менен төлөйсүң. Жакшылап ойлон. Өзүндү, үй-бүлөңдү жана жашооңду калча. Ушунун баары 2300 рублга тетеби?”-деп окуяга чейин төрт күн мурун жазган. Учурда тергөө иши жүрүп, студент убактылуу камоочу жайга жеткирилген.

Аргумент.kg