Уулумду 10 миң долларга үйлөндүрсөм, ажырашып кетти. Карызга баттым…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакында уулумду үйлөндүрсөм, кайра бир айга жетпей келиним менен ажырашып кетти. Тойго 10 миң доллар кетти эле… Карызга да батып калдым. Эми машинамды сатып кутулам. Мындай тагдырды угуп жүрсөм да, өз башыма келерин билбептирмин. Андыктан, уул-кыздардын ынтымагына, түшүнүгүнө көңүл буруш керек экен. Эң биринчи жакшы тарбия. Чыдамкайлык. Азыркы жаштар болбогон эле майда нерселерден урушуп, эки бөлүнүп кете беришет тура. Бул кайгы жүрөгүмдү эзип турат. Намыстанып кайра үйлөндүрүш керек го?..

Аргумент.kg