Уулум жаш келинчегин чанып, 50дөгү аялды алып алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Мен эки бала менен отуз жашымда жесир калгам. Жолдошум автокырсыктан улам көз жумган. Ошол кезде мамлекет урап, жаңы мамлекет курулуп жатканга мага окшогон жалгыз бой энелер балдарын багуу кымбатчылыгын, түйшүгүн жакшы эле тартты. Тан атпай подьездерди жууйм, саат сегизде балдарды кийинтип алып аларды окуусуна жеткирем да андан ары жумушка жөнөйм.

Түштөн кийин базарга чыгам ар кандай майда-барат нерселерди алып сатчумун. Айтор ушундай кыйынчылык менен уул кызымды чоңойткон элем. Ошол кезде базарда чогуу иштеген жаш кыз бар болучу. Ал жеңил жашоого өтүп ар ким менен басканын баарыбыз билип сөз кылчубуз. Эми ошол кыз карыган аял болуп менин уулума тийгени жатат. Кызым болсо мындан төрт жыл мурун түрк улутундагы адамга турмушка чыгып Измирге кеткен. Анын эки кызы бар. Кудайга шүгүр жашоосу жакшы. Андан жүрөгүм тынч. Уулум болсо буга чейин үйлөнгөн эки уулу бар болучу. Келиним деле ушак менен иши жок ачык айрым, экөөбүз эне баладайбыз. Кудагыйым келиним беш жашында эле каза болуп калыптыр.Келинимди тарбиялаган таэнеси өткөн жылы өтүп кетти. Бир жылдан бери уулум үйгө түнөбөйт, же кеч келип жаткан. Мындан алты ай мурун ал башкага үйлөнө турганын айтып келинимди кетирип жиберген. Ал деле төркүнүнө көпкө тура алган жок. Акыры неберелеримди кошуп келинимди кайра чакырып алдым. Азыр чогуу жашайбыз. Ал эми уулум болсо келинимди көргүсү келбейт экен. Ал үйгө таптакыр каттабай калган.Эки жума мурун уулум жашы өтүп калган аялды үйгө ээрчитип келип расмий түрдө үйлөнүп, үйдү экиге боөлүп алмай болгонун билдирди. Ал аял болчу акмагы бир кезде базарда эркек калтырбаган жел таман Акыл экенин тааныдым. Уулум болсо 35 чыкты. Ал болсо элүүгө келип калды. Төрт жолу күйөөгө тийиптир. Алардан сегиз баласы бар экен. Улуусу болсо уулумдан эки жаш кичүү. Кичүүсү болсо 15 чыгыптыр. Бул эмне деген шумдук!Кантип мен келиним менен неберелеримди үйдөн чыгарып ушуларга бошотуп берем. Кайсы бети менен уулумду озуно имерип алды, билбейм.Балким кара дуба мн озуно тартып алды окшойт.Азыр мен тандоодо турам.Уулумду тандасам келинимди чыгарып,балама бошотуп беришим кк.Келинимди тандасам баламды экинчи корбойм. Эмне кылышым керек.Уулума 50 догу аял тороп берип,канчага чейин жашайт?

Аргумент.kg