Уулу жыланды оозуна салып ойногон бала

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир жашар бала уулу жыландын баласын оозуна салып алган. Бул тууралуу Sify басылмасы жазып чыкты. Маалыматта, Индиянын Пенджаб штатынын Бхолапур аттуу айылында болгон. Бир жашар бала ойноп отуруп, оозунан бир нерсени чыгарып кайра салып отурганын апасы байкап калган. Чөп экен деп оозунан алып чыгып көргөн көзүнө ишенбей калтырак басып алапайын таппай калган. Анткени баласынын оозунан өтө уулу делген жыландын 15 см келген баласын алып чыккан. Бала жылан өлүк болгон. Баланын атасы фермер Дхарампал баласын оорукана алып барып ууга каршы дары сайдырткан. Дарыгерлердин текшерүүсүндө баланын ден соолугу жакшы эч кандай коркунучтар жок чыккан. Ал эми бала оозуна салып ойногон бала жылан баланын колунан өлгөнбү же ага чейин өлүк болгонбу белгисиз бойдон калууда. Аргумент.кж

Аргумент.kg