Уулу, кызы менен кошо өлтүрүлгөн аялдын курбусу: «Дин жолунда жүрүп, спирт ичимдигин иччү эмес. Милициянын аны мас дегенин түшүнбөй турам»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя боюнча Бишкек ШИИБдин жетекчиси маалымат берип, окуя болгон жерди кароо учурунда столдун үстүндө спирт ичимдиктери табылганын билдирген.

«Шектүү менен жабырлануучу спирт ичимдиктерин ичкен, бул экспертизанын жыйынтыгы менен да тастыкталды», — деген Ногойбаев.

Маркумдун курбусу төмөнкүлөрдү айтты,  маркум 10 жылдан бери намаз окуй турганын, экөө устаздан сабак алып жатып таанышканын айтып берди. «10 жылдан бери дин жолунда жүргөн. Спирт ичимдиктерин иччү эмес. Экөөбүз устаздан сабак алуу учурунда таанышканбыз. 5 жылдан бери ДЦП менен жабыркаган балдарга жардам берип келген. Эмнеге Бишкек ШИИБдин башчысы андай деди билбейм. Эмнеге ошол күнү эле мас экен дешкен жок. Эмне анын мас экенин ушунча убакыт өткөндөн кийин билишиптирби? Өзүңөр билесиңер да, эмнеге бул ишке спирт ичимдигин кошуп жатканын, шектүү алардын мурдагы кесиптеши да», — деди ал.

Аргумент.kg