Уран Сыдыгалиев: “Бир айдан кийин элдин жашоосу дагы оорлошо баштайт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Экономика министри Акылбек Жапаров, алдыдагы төрт айда кризис күч алып, жокчулук болорун кыйытууда. Пенсия, жөлөк пулдарды төлөө кыйынчылыкка учурабайбы? Карапайым эл кантет?  

— Соцфонддо, казынада канча каражат бар экени ошол өкмөт адамдарына, экономика министрлигине маалым эмеспи. Баары салыктын түшүшүнө жараша болот. Белгилүү бир жагдайлар бар үчүн айтылып жатат го…

Өкмөттүкүн билбейм, бирок элдин жашоосу оор эле болуп калды. Инфляция жүрүп жатат. Баягы алып жүргөн акчаларга азыр ал азык-түлүктү ала алышпайт. Мурунку пенсияга алган акчалары азыр эч нерсеге жетпейт. Карапайым элге кыйын болот. Мектеп курагындагы балдары бир жарым жылдай үйдөн онлайн билим алышты. Бир айдан кийин мектептердин, окуу жайлардын сабактары башталса, жол кире көтөрүлсө, мындан да оорчулук жаралат. Өзгөчө кырдаал убагы үчүн ар кандай жолдорду сунушташууда. Элди кыйынчылыктан коргоо, караңгыда жол табуу – өкмөттүн колунда.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg