Ундун запасы 2 айга эле жетиши мүмкүн

Ундун запасы 2 айга эле жетиши мүмкүн

13-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыргызстанда ун жана дан запасы 1,5-2 айга  жетет. Бул тууралуу маалымат жыйынында ун комбинаттары ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов билдирди.

Анын билдирүүсүндө Казакстан менен чек аралар жабык турганда, ун республиканын чегинен тышкары жерлерге мыйзамсыз жол менен экспорттолбогон шартта гана калкты ун менен камсыз кылуу мүмкүн.

«Азыр Россиядан дан мурда түзүлгөн келишимдер боюнча келип жатат. Ата мекендик заводдордун кубаттуулугу дан бар болгон учурда өлкөнүн калкын ун менен 100% камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп жыйынтыктады ал.