Унаа уурдап сатуу менен алектенгендер кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте унаа уурдап жана сатуу менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган.Анын 6 миң долларды түзгөн «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айткан.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.Унааны урдап кеткен жарандар Аламүдүн районунан кармалышкан.

Ошондой эле,  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери  уурдап сатуу менен алектенгендердин изин түшүп кардар катары барышкан.

Кармалган кылмышка шектүүлөр борбор калаанын тургундары .Алар  1999-жылы туулган Б.уулу К., А.уулу М. жана Б. У. жана 2000-жылы туулган Ж. уулу Ж. аттуу жарандар .

Булак:Аргумент  кж

 

Аргумент.kg