
Унааларды сатып берем деп,акчасын алып качып кеткен кылмышкер кармалды
11-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОш облусунда алдамчылыкка шектелип, бир нече күндөн бери издөөдө жүргөн жаран кармалды.Бул тууралуу милиция кызматкерлери билдиришти.
Издөөдө жүргөн жаран Ноокат районунун 26 жаштагы Д. З. аттуу тургуну.Ал 2022-жылдан тарта издөөдө болгон.
«Аталган жаран Ош шаары жана облусунун тургундарынын кымбат баалуу унааларын «кымбатка сатып беремин» деп алдап алып, саткан соң акчасын ээсине бербестен изин жашырып кеткен. Анын үстүнөн 4 жабырлануучу милицияга арыз жазган. Тергөөнүн маалыматына караганда, жабырлануучулар мындан дагы көп болушу мүмкүн», — деп билдиришти милициядан.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.
Булак:Аргумент кж