Унаа оодарылып кетип, жаракат алышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жеңил унаа оодарылып кетип, жүргүнчүлөр жаракат алышты. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта, окуя Нарын облусунда болгон. Анда  Учкун айылынын негизги жолунда  Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып, жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 44 жаштагы эркек киши, 37 жаштагы аял жана 8 жаштагы кыз жабыркаган.

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аргумент.kg