Унаа менен сүзүп алганым үчүн деп өспүрүмгө 200 сом берген

Унаа менен сүзүп алганым үчүн деп өспүрүмгө 200 сом берген

20-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Өспүрүмдү унаа менен коюп алганы үчүн чөнтөгунө 200 сом салып качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматта, буга чейин  Бишкек шаарынын Койбагаров менен Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинен 11 жашар өспүрүмдү унаа коюп кеткен. Айдоочу өспүрүмду үйүнө чейин жеткирип, чөнтөгүнө 200 сом берип из жашырып кеткен. Ал эми өспүрүм алган жаракатынан улам оорканага жаткырылган.  Бул тууралуу өспүрумдүн ата-энеси социалдык тармакка да жазып, күбө болгондор болсо байланышууга чакырган болучу. Көп өтпөй милициянын кайгуул кызматы Toyota Mark 2 үлгүсундөгу унааны таап,  27-жаштагы А.Т аттуу айдоочу кармалды. Тергөө иштери башталды.