“Унаа, бензин маселесин карап чыгышыбыз керек” Надира Нарматова депутаттарга жеңилдиктерди кайтарып берүүнү суранат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ЖК депутаты Надира Нарматова депутаттарга кеңешчилерди кайтарууну сунуштайт. Бул тууралуу ал кечээ, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын жакшы иштеши үчүн жардамчылар дагы, кеңешчилер дагы керек. “Мындан тышкары, унаа, бензин маселесин дагы карап чыгышыбыз керек. Кээ бирлеринин үйү жок, айлыкка гана жашагандар бар. Депутаттарга иштөө үчүн шарттарды түзүп берүү керек“, – деди ал.

Ал эми спикерликке талапкер Адахан Мадумаров буга чейин эле жылдын бюджети бекитилгенин айтты. Бирок, парламентке чын эле иштегени келген депутаттар үчүн бир жардамчы жетишпейт деген ойдо.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, депутаттарга компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынган. Ал эми кызматтык батирлер турак-жайы жок депутаттарга бөлүштүрүлөт.

Аргумент.kg