Унаа башкаруудан чыгып жол кырсынынан жаран каза болду
17-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваУнаа башкара албай сүт цистернасын сүзүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМ жазып чыкты.
Маалыматта, окуя Кара-Балта шаарында катталган. Анда Погранич жана Первомай көчөлөрүнүн кесилишинен “жигули” үлгүсүндөгү унаа башкарылбай жол жээгинде сүт саткан цистернаны сүзгөн. Кырсыкта айдоочу каза болуп дагы бир 22 жаштагы жигит жаракат алып ооруканага жеткирилген. Учурда каза болгон адамдын өздүгу аныкталууда.