Улуттук университет жаныланууда,кубанычы койнуна батпаган студенттер

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети бир топ жаңыланууларды киргизди.Бул туурасында кубанычы койнуна батпаган  студенттер ,социалдык тармактарына жарыялашууда.

Маалым болгондой, университеттин эшик-терезелери алмашылып, студенттерге ылайыкталган отуруучу жайлар коюлду.Аны менен катар  учурда Улуттук университетке тиешелүү болгон №5 жатакана оңдолууда.

Ошондой эле,аталган университеттин студентти Инсан Нурбеков ,  билим алып жаткан мекемесинде шыктануу,ырахатануу менен окуурун айтат.

«Студенттер үчүн коюлган отуруучу жайлар баарлашууга жакшы өбөлгө түзөт.Мындан сырткары айланасы жашылдандырылып,бир топ өзгөрүүлөр болду.Бул демилгени колго алып  студенттерге шарт түзүп берген,жетекчиликке ыраазычылык.Мен бул жакта билим алууга ынтызаарым чоң,шыктануу менен билим алып жатам»-деген студент.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg